Мекенди коргоо ыйык милдет

2023-жылдын 8-февралында Талас агрардык экономикалык колледжинде советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына арналган “Мекенди коргоо ыйык милдет” аттуу кароо сынак болуп өттү. Иш чарага афган согушунун ардагерлери Керимбаев Сакыш Жээнбекович, Белеков Жекшен Саиркулович, Жолдошев Эрмек Жеңишбекович жана тажик афган чек арасындагы согуштук аракеттерде Кыргыз Республикасынын тынчтыкты камсыздоого катышкан жоокерлердин коомдук бирикмесининТалас облусу боюнча башчысы Бийгазиев Уланбек Жолдошбекович, Талас шаары боюнча башчысы Камчыбеков Бакас Оматбекович жана Абдыманапов Талантбек Күрүчбековичтер чакырылган. Кароо сынак колледждин миссиясына ылайык студенттерди мекенчилдикке, биримдикке тарбиялоого жана Мекенди коргоо милдеттерин таанытууга арналды. Колледждин 1-курсунун студенттери жоокердик ыр ырдоо, автомат чачып жыйноо, кол күрөш, таяк тартыш, жоокердик дене даярдыгын көрсөтүү боюнча өз даярдыктарын келген конокторго көрсөтүштү.