Ар кандай тармакта жана өндүрүштө иштеп жатып окуган жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу, практикалык тажрыйбаларын жана теориялык билимдерин өркүндөтүү максатында 1997 – жылы сырттан окуу бөлүмү ачылган. Коомдогу өзгөрүүлөргө ылайык сырттан окуу бөлүмүндө төмөнкүдөй адистиктер бар:
080110 «Экономика жана бухгалтердик эсеп» (тармактар боюнча).
080106 «Финансы» (тармактар боюнча).
110302 «Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу».
120301 «Жерге жайгаштыруу».
Натыйжада бухгалтер, финансист, техник – электрик жана техник жерге жайгаштыруучуларды даярдап жатабыз.
Колледждин сырттан окуу бөлүмүндө студенттердин кесиптик чеберчиликтерин өстүрүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Алар иштеген же өндүрүштөн ажыратылбастан окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Колледждин эң негизги байлыгы аларды окуткан окутуучулары. Окуу процессин камсыз кылуучу окутуучулук курам жогорку чеберчиликтеги практик – адистердин эсебинен түзүлгөн. Учурда 2 илимдин кандидаты, 1 Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, 1 ага илимий кызматкер, 1 Россия табият таануу академиясынын профессору, 1 маданияттын мыкты кызматкери, 15 Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги эмгектенишүүдө.
Сырттан окуу бөлүмүнүн адистиктерине негиздемелер
«Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу» адистиги
Азыркы турмушубузду электр энергиясыз элестетүү мүмкүн эмес. Дегеле энергияны өндүрүү, таркатуу жана сатуу өлкөбүздөгү чоң проблемалардын бири. Улуттук байлыгыбыз болгон энергетика ресурстары экономикалык өсүштүн өбөлгөсү катары бааланууда.
Өндүрүштүн бардык тармактарында бул адистиктин мааниси чоң. Электр энергиясын кабыл алгычтардын, машиналардын жана электр жабдууларынын иштеши менен электр энергиясы өндүрүлөт жана керектөөчүлөргө берилет. Электр энергиясын алыс аралыкка берүүдө жана колдонууда бардык электр энергиясын кабыл алгычтарга оңдоо иштери жүргүзүлүп турат.
Ар бир өндүрүштүк мекемеде атайын электрдик жабдуулар, станоктор, электрдик машиналар, мекемени жарыктандыруу каражаттары тынымсыз иштеп турушу керек. Бул иштердин бардыгы заманбап жабдуулар менен камсыздалып, оңдоо жана тейлөө иштери убагында жүргүзүлүп туруусу зарыл.
Электр энергиясын адамзаттын күнүмдүк турмушуна киргизүү менен, бул адистик боюнча атайын орто кесипке даярдоо муктаждыгы келип чыккан. Ошентип бул кесип боюнча окутуу 1996-жылдан баштап жүргүзүлө баштаган.
Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу коомдогу негизги маселелердин бири болгондуктан, илимий-техникалык прогресстин өсүп-өнүгүшү менен адамзаттын күндөлүк турмушунда электр энергиясын кеңири колдонуу үчүн бул кесиптеги адистерди даярдоо муктаждыгы күндөн-күнгө өсүүдө.
«Экономика жана бухгалтердик эсеп» адистиги
Кыргыз Республикасынын экономикасынын дүйнөлүк экономикалык мейкиндикке интеграцияланышы, тышкы соода-экономикалык байланыштардын кеңейиши, ишкерчиликти өнүктүрүү өзгөчөлүү ыкмалар менен таанучулук ишкерчиликти аныктай турган улуттук экономиканы адекваттуу кадрды камсыз кылуунун проблемасын өзгөчө курч койду. Базар мамилесин өнүктүрүү адистерден кандайдыр бир белгилүү деңгээлдеги кесипчилик даярдыкты, билимдүүлүктү жана жалпы маданиятты талап кылат. Бухгалтердик эсепте жогорку чеберчиликтеги адистерге болгон керектөөнү баштан өткөрүп жаткан Кыргызстандын улуттук экономикасы үчүн 1994-жылдан бери билимдүү бухгалтерлерди даярдоо колледждин башкы максаты болуп келет.
«Финансы» (тармактар боюнча) адистиги
Финансы илиминин чөйрөсүндөгү, анан дагы практикада адис – бул татаал жана ардактуу ишмердүүлүктүн өкүлдөрү – финансист кесиби.
Салыктык – бюджеттик, акча – насыя саясатынын тактикасын жана стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда, кесиптик ишмердүүлүк чөйрөсүндө инновациялык технологияларды жайылтууда, салык салууну, салык башкаруучулукту иш жүзүнө ашырууда жана бюджетке каражаттардын өз убагында келип түшүүсүн уюштурууда, коммерциялык түзүлүштөрдүн бизнес – пландарын түзүүдө, инвестициялык проектилерди түзүү жана ишке киргизүүдө, сапаттуу камсыздандыруу тейлөөнү берүүдө жана камсыздандыруу жана пенсиондук рынокторду жайылтууда, банктык ишти уюштурууда жана насыянын ыкмаларын, формаларын жана түрлөрүн өнүктүрүүдө финансист кесиби эң талаптуу болуп саналат. Жогорку аталган талаптарга жооп катары, колледж 2005- жылы «Финансы» (тармактар боюнча) адистигине студенттерди окууга кабыл алууну туура көргөн. Финансист азыркы кездеги эң кадырлуу кесиптердин санына кирет.
«Жерге жайгаштыруу» адистиги
Жерге жайгаштыруу мамлекеттин жер саясатын, жер реформасын жүргүзүүнүн, жер мамилелерин ирээттештирүүнүн куралы. Анын максаты болуп жерди толук, рационалдуу, натыйжалуу пайдалануу, дыйканчылыктын маданиятын көтөрүү жана жерди коргоо эсептелет.
Мындан бир нече жылдар мурда айыл чарба жерлерин эффективдүү пайдалануу максатында Кыргыз мамлекети каттоолорду уюштура баштаган. Рынок экономикасына өтүү, жер пайдалануу укугун күрөөгө коюу, белекке берүү, сатуу, сатып алуу, аукциондорго коюу жолу менен аны экономикалык айландырууга киргизди. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жер тилкелерин пайдалануу укуктарын жана ошондой эле атуулдардын жер үлүштөрүнүн пайдалануу укуктарын сатуу жерге рынок мамилелери кире баштагандыгын түшүндүрөт. Кыймылсыз мүлк укугу жөнүндөгү маалыматтар коомубуздан орун ала баштагандан баштап, областыбызда жерге жана кыймылсыз мүлккө болгон граждандык-укуктук иш чараларды аткаруучу адистер жетишпегендигине байланыштуу, 2000-2001-окуу жылынан тартып «Жерге жайгаштыруу» адистиги боюнча окутуу жүргүзүлө баштады.
Сырттан окуу деген эмне? Мындай окуу кимге ылайыктуу?
Сырттан окуу – билим алууда студенттин 70% ашык окуу материалдарын өз алдынча өздөштүрүүнүн формасы. Мындай окуунун жолун жумушту жана окууну бирге алып бара алганга умтулган жаштар тандашат.
Сырттан билим алуунун артыкчылыгы
-
бир мезгилде билим алууга, иштегенге мүмкүнчүлүк;
-
окуу учурунда иштеген жеринде эмгек акысынын сакталышы;
-
күндүзгү жана сырттан окуган бүтүрүүчүлөрдүн дипломунун сырткы көрүнүшүнүн окшоштугу;
-
сырттан окуу бөлүмүнөн күндүзгү окуу бөлүмүнө которулуу мүмкүнчүлүгү;
-
өзүнүн иштеген жеринде практиканы өтүү.
-
Сырттан окуунун өзгөчөлүктөрү
Сырттан окуунун формасы- ар кандай себептер менен күндүзгү окууда окугусу келбегендерге же мүмкүнчүлүктөрү жоктор үчүн жылдан жылга талап кылынуучу жана келечектүү эң сонун чечим. Окуунун мындай формасы көп адамдарга экинчи адистикти алууга, ошондой эле биринчи кесипти өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Сырттан окуунун өзгөчөлүктөрүнө:
-
иштеп жаткан студенттер биринчи курстан эле карьералык тепкичтен жогору чыгууга мүмкүндүк алышат;
-
окууга тапшыруунун салыштырмалуу жеңил шарты;
-
жумушсуз калгандар, же башка жумушка иштеш үчүн өздөрүнүн кесибин өзгөртүшөт;
-
өздөрүнүн мурунку алган кесибинен тышкары дагы кошумча экинчи кесип алууга мүмкүнчүлүк алышат;
-
биринчи курста эле сырттан окуган студент өз алдынчалуулукка жана жоопкерчиликке үйрөнөт;
-
жаш балалуу энелерге академиялык өргүүнү албоонун эң сонун жолу.
-