Биздин окуу жай 1991-жылдын 18-июнунда Кыргыз Өкмөтүнүн № 289 – токтомунун негизинде уюшулган. Кесиптик орто билим берүү укугун тастыктаган № LC 140000249 лицензиясы жана мамлекеттик аттестациянын ООЖ SC 150000584 сертификаты бар. Уюшулган күнүнөн тартып мекенибиздин эл чарбасы үчүн 4040 ар кыл кесиптеги адис даярдады. Алардын 242си артыкчылык дипломдорунун ээлери болушту.
Окуу процесси «жакшы адам-жакшы адис» принцибине негизденген. Компьютердик сабаттуулукка, англис тилине, иш кагаздарын алып барууга жана ишкер мамилелердин этикасы жана психологиясына өзгөчө басым жасалат.
Студенттер үчүн 25 миңге жакын окуу жана илимий адабияттары бар китепкана, 2 заманбап компьютердик класс, интернет, спорт клубу иштейт. Ошондой эле жетишерлик сандагы аудиториялар, лабораториялар, окутуунун техникалык каражаттары бар.
Өткөн 26 жылдын аралыгында колледж өзүн келечеги бар экендигин көрсөтө алды.
Педагогикалык потенциалы.
Колледждин окуу-тарбия процессинде 40 жогорку квалификациялуу окутуучу эмгектенет. Алардын ичинде эки биология илимдеринин кандидаты, бирөө Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, 1 педагогика илимдеринин доктору, 1 ага илимий кызматкер, 1 Россия табият таануу академиясынын профессору, жана 15 Кыргыз Республикасынын Билим Берүүнүн мыкты окутуучулары бар.
Бүгүнкү күнү биз төмөндөгү адистиктер боюнча окутабыз:
110302 “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу”;
120301 “Жерге жайгаштыруу”;
111201 “Ветеринария”;
080110 “Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)”;
080106 “Финансы”.