• About WordPress
    • WordPress.org
    • Documentation
    • Learn WordPress
    • Support
    • Feedback
  • Log In
Skip to content

ТАЛАС АГРАРДЫК ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

TAЭК

Menu
  • АБИТУРИЕНТТЕРГЕ
    • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ
  • АДИСТИКТЕР
    • Күндүзгү бөлүм
      • Окуу процессинин графиги
    • Сырттан окуу бөлүмү
  • Башкы бет
    • 2024-2025-окуу жылы боюнча окуу-тарбия иштеринин планы
    • Лицензия жана сертификат
    • ТАЭК жетекчилиги
    • ТАЭК миссиясы жана стратегиясы
    • ТАЭК тарыхы
      • Постановление № 289
    • Устав
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • Каржы отчеттуулугу
  • КОЛЛЕДЖ ТУУРАЛУУ
  • Мамлекеттик тил
  • ОКУТУУЧУЛАРГА
    • Курстук иштер
    • Мамлекеттик сынактар
    • Практика
    • ТАРБИЯ ИШТЕРИ
    • Усулдук кеңеш
    • Циклдык комиссиялар
  • Расписание
    • Консультация
    • Мам.экзамендер
    • Мамлекеттик экзамен 3-курс
  • Сапат менеджмент системасы
  • Спорттук иш чаралар
  • СТУДЕНТТЕРГЕ
    • ЖОБОЛОР
    • Студенттик кеңеш
  • ТАЭК сыйлыктары
  • ЧЕНЕМ УКУКТУК БАЗА
    • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЕСИПТИК ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮСҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТТАРЫ
  • ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА
    • Ветеринария
    • Экономика жана бухгалтердик эсеп
    • Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу
    • Жерге жайгаштыруу
    • Техник-прогаммист
    • Финансы
  • Вакансия
  • ММК
    • «Адис башаты»

ЖАҢЫЛЫКТАР

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

Талас агрардык экономикалык колледжи жогорку билимдүү, 1С бухгалтерияны билген борборлоштурулган бухгалтерия системасын өздөштүрүүгө жөндөмдүү адисти жумушка чакырат. Резюмени talasagrteh@gmail.ru дарегине жиберсениздер болот .

 

 

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Талас шаардык Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте КР Президентинин Талас облустук ыйгарым өкүлчүлүгү тарабынан Бүткүл дүйнөлүк эл аралык эне- тил күнүнө карата колледждер жана орто кесиптик лицейлер арасында сынак болуп өттү. Сынактын максаты – кыргыз тилин, маданиятын өнүктүрүп өстүрүү жана колдоо.

Сынакка жалпы 8 окуу жай катышышып, бардык командалар жакшы даярдыкта келишти. Анда саламдашуу, Манас айтуу, көркөм окуу, жандуу үн менен ырдоо, комуз чертүү жана макал-лакап айтуу боюнча күч сынашышты.

Жыйынтыгында Талас агрардык экономикалык колледж экинчи орунду ээледи. Сынакта бардык командаларга уюштуруучулар тарабынан даярдыктарына жараша акчалай байгелер, Дипломдор берилди.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

Талас Агрардык Экономикалык Колледжинде “Аталардын эрдиги эч качан унутулбайт” аттуу Афган ардагерлери менен жолугушуу болуп өттү.

ВИДЕО

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

Урматтуу мекендештер, кирип келе жаткан жаңы 2025-жылыбыз менен куттуктайбыз. Жергебизде тынчтык болуп, элибиз бакубатчылыкка жетишсин. Ишибиз илгерилөөнүн үстүндө болсун.

Талас агрардык экономикалык колледжинин жамааты.

Талас байрагы

КЫРГЫЗ ЭНЕРГЕТИКАСЫНА – 90 ЖЫЛ

23-декабрда Кыргыз энергетикасынын 90 жылдыгына карата Талас агрардык экономикалык колледжинде конференция өттү. Конференцияны айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу тайпалары менен бирдикте окутуучулар О. Шаршенова жана А. Айдарова уюштурушту.

Конференцияда 90 жыл аралыгында Кыргызстанда кандай ГЭСтер жана ЖЭСтер курулгандыгы, алардын тарыхы жөнүндө баяндалды. Андан сырткары докладдар окулуп, слайддар колдонулду жана ток урган мезгилде адамга биринчи жардам көрсөтүү эрежелерин практика түрүндө көрсөтүштү.

Видео

Талас байрагы

ЭНЕ ТИЛИ БОЛБОЙ, ЭЛ БОЛБОЙТ

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында жарыяланган үч айлыгынын жыйынтыгы катары Талас агрардык экономикалык колледжинде салтанаттуу иш-чара белгиленди. Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Сейдикеримова, Талас облусунун билим берүү борборунун башчысы С. Бейшенова жана окуу жайлардын окутуучулары катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө кесиптик (спец) сабактардан берген окутуучулар өздөрүнүн сабактарында кыргыз тилин жогорку деңгээлде колдонушаарын жана терминдерди которуп балдарга түшүнүктүү, жеткиликтүү сабак өтүшөөрүн тастыкташып, ачык сабактарды өтүп беришти.

“Эне тили болбой, эл болбойт” дегендей мындай семинарлар эне тилибиздин ыйыктыгын, өлбөс-өчпөстүгүн, улуулугун, кадыр-баркын даңазалаары талашсыз.

Талас байрагы

Жакында “Кылымдан кылымга жашаган – кыргыз тили” атуу орто окуу жайлар арасында кароо – сынак болуп өттү.

Сынакка Талас шаарындагы 5 орто окуу жайлары катышты. Сынактын шарты боюнча саламдашуу, улуттук каада салт, улуттук бий, аспаптын коштоосунда ыр жана пано (көргөзмө) боюнча күч сынашты.

Сынактын жыйынтыгында Талас агрардык – экономикалык колледжинин студенттери мыкты даярдык менен келишип, алдыга озуп чыгышып, I орунду ээлешти.

ААЛАМДЫН АЛПЫ АЙТМАТОВ
12-декабрь – залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына жана Улуттук адабият күнүнө карата Талас агрардык экономикалык колледжинде “Ааламдын алпы Айтматов” деген темада иш чара өткөрүлдү. Иш чарага Талас шаарынын мэриясынын социалдык секторунун башчысы Г. Орозалиева жана социалдык бөлүмдүн башкы адиси Н. Камчыбекова катышышты.
ТАЭКтин директору Б. Алымкуловдун жана келген коноктордун куттуктоо сөздөрүнөн кийин студенттерге китепти көп окууга анын ичинде Айтматовдун чыгармаларын калтырбай окууга чакырышты.
Студенттер бул иш-чарага кызуу даярдык менен келишти. Анда залкардын чыгармалары боюнча сценарий көрсөтүшүп, көркөм окушту.
Иш чараны аталган колледждин окутуучулары Г. Мамбеталиева жана А. Садырбаева уюштурушту.
Ааламга таанылган алп жазуучубуз Ч. Айтматовдун чыгармалары – көөнөргүс байлык болуп казынабызда сактала бермекчи.

Талас байрагы

https://www.facebook.com/

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

КАМКОРДУККА МУКТАЖ АДАМДАР
АР УБАК КӨҢҮЛҮБҮЗДӨ БОЛСО…

3-декабрь эл аралык майыптар күнүнө карата Талас агрардык экономикалык колледжинин мугалимдери студенттер менен биргеликте Талас атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебине барып, жардам көрсөтүп келишти. Балдарга жылуу кийим кече, таттууларды, окуу куралдарын, жуучу каражаттарды жана башкаларды алып барып, балдарга жылуу маанай тартуулашты.
Камкордукка муктаж болгон жарандарыбызды майыптар күнүндө эле эмес, ар убак баарыбыздын көңүлүбүздө болсо деген тилектебиз.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

Талас агрардык экономикалык колледжинин “Экономика жана бухгалтердик эсеп” адистигинин 3-курсунун студенти Залкаров Нурболсун “Кыргыз Республикасынын прокуратурасына 100 жыл: тарых жана азыркы учур” сынагында “Мыкта баян” номинациясында 2-орунду ээлеп, грамота жана планшет менен сыйланды. Куттуктайбыз. Элибиздин керегине жараган инсан болушуна тилектешпиз.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

2024-жылдын 12-октябрында Кыргыз улуттук Манас Ордо комплексинде өткөрүлгөн Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Талас шаарынын 80 жылдык мааракелерине арналган салтанаттуу иш чарага биздин окуу жайдын студенттери активдүү катышышты.

Театр – жан дүйнө азыгы

https://youtu.be/236FHNOiTx8?si=zS-Q2RzAgL7zxU5x

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

Бүгүн 2024-жылдын 14-сентябры – Улуттук тазалык күнүнө арналган ишембиликте Талас агрардык экономикалык колледжинин жамааты Талас токоюнун ардагерлердин ооруканасынан Ак тегирменге чейинки тилкесинде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Иш чарага 70 адам катышты. Чогулган таштандылар каптарга салынып, чогуу жыйналып, машинага жүктөөгө ылайыкташтарылды. Тазалыкты ар дайым, ар жерде сактайлы урматтуу мекендештер.

ТАЛАСТАГЫ ОКУУ ЖАЙЛАР КАПИТАЛДЫК ОҢДООДОН ӨТТҮ

https://taek.edu.kg/wp-content/uploads/2024/12/VID-20241203-WA0040.mp4

В Таласском аграрно-экономическом техникуме сделали капремонт.

https://www.turmush.kg/ru/news:2159698/?from=akipress-android

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

Бүгүн 2024-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн “Сектордук өнүктүрүү программасы: Иклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагын республикабыз боюнча башталгыч жана орто кесиптик окуу жайларында жүргүзүлгөн ремонт иштеринин жана орг. техника, лабораториялык жабдуулар менен окуу эмеректери менен жабдуу иштерин ачуу иш чарасы болуп өттү. Талас агрардык экономикалык колледжи дагы ушул долбоорго пилоттук колледж катары кирген. Салтанаттуу иш чарага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Эсиркеповна Сейдикеримова, колледждин окутуучулары, студенттер, иш берүүчүлөр, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрү он лайн форматта катышышты. Кызыл тасманы кесүүдөн кийин коноктор ремонт иштери, жаңы жабдуулар менен таанышышты. Студенттер менен жолугушууда М.Э.Сейдикеримова билим алуудагы түзүлгөн жакшы шарттарды толугу менен пайдаланып, мекенчил болууга чакырды. Колледждин жамаатына ийгиликтерди каалады.

Долбоордун алкагында колледжин окутуучулары компетенттүүлүктүн негизинде окутуу, жумуш ордунда окутуу, стратегиялык пландоо, гендердик теңчилик жана инклюзия, эмгек рыногун талдоо методологиясы, кесиптик квалификациясын жогорулатуу, ишкерчиликтин негиздери боюнча даярдоодон өткөндүгүн айта кетишибиз керек. Ошондуктан КР Билим берүү жана илим министрлигине, долбоордун директору Расул Абазбековичке жана АӨБ долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн менеджери Атаканов Нурлан Чырбанович баштаган бардык кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирмекчибиз.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

Бүгүн 2024-жылдын 18-июлунда Талас агрардык экономикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу салтанаты болуп өттү. Колледжди “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу” адистигин 30, “Ветеринария” адистигин 18, “Финансы” адистигин 11, “Экономика жана бухгалтердик эсеп” адистигин 9, “Жерге жайгаштыруу” адистигин 8 студент аякташты. Бардык 76 бүтүрүүчүнүн ичинен 9 адам артыкчылык диломдоруна ээ болушту. Дипломдорду колледждин директору б.и.к., а.и.к Алымкулов Б.Б. тапшырды. Куттуктоо сөзүндө ал жаш адистерге ак жол каалады. Мекенибиз үчүн эмгектенүүгө чакырып, залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун “Адамга күн сайын адам болуу кыйын” деген таасын сөзүн эске салды. Бүтүрүүчүлөрдү колледждин ардагер окутуучусу Г.С.Мамбеталиева, окуу иштери боюнча орун басар С.Ж. Садырова куттукташып, келечек жолдорунун ар дайым ачык болушуна тилектештигин билдиришип, окуу жайдын атын ар дайым бийик алып жүрүүгө чакырышты. Бүтүрүүчүлөр дагы ыраазычылыктарын билдиришти.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

2024-жылдын 31- майында Талас агрардык экономикалык колледжинин студенттери Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, Талас шаарынын 80 жылдыгына жана колледжибиздин уюшулгандыгынын 33 жылдыгына арналган “Дени сак улут, күчтүү мамлекет” аталышындагы ден соолук күнүн өткөрүштү. Иш чара студенттердин сапка тизилип, рапорт берүүлөрү менен башталды. Жигиттер жана кыздар арасында 100, 200, 500 метрге, 1 жана 2 кмге болгон жарышта жеңүүчүлөр аныкталды. Таяк тартышуу, кол күрөш, аркан тартышуу абдан кызыктуу өттү. Студенттерибиз өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө бардык аракеттерин көрүп жатышты. Эже агайлар аларды колдоп, сүрөп турушту. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 18-июнда өтүүчү колледжибиздин маракесине арналган салтанатта тапшырылмакчы. Иш чараны өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген Талас шаардык спорт секторунун жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

2024-жылдын 30-майында Талас агрардык экономикалык колледжинин окутуучулары менен кызматкерлери Кыргыз Республикасынын калкын дене бой жактан даярдоо боюнча нормативдерди тапшырышты. Жаш курактары боюнча группаларга бөлүнүшүп талап кылынган спорттук шарттарды аткарууда Талас шаардык спорт секторунун кызматкерлери көзөмөлдөп, каттап жатышты. Жаңыланган стадионубуз жакшы көрсөткүчтөргө шыктандырып турду. Колледждин жамааты бири бирин колдоп сүрөп турушту. Нормативдерди аткаруу баарына мүмкүн болбосо дагы жакшы эс алуу болду.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

2024-жылдын 22-апрелинде Талас агрардык экономикалык колледжинин окутуучулары менен экономика жана бухгалтердик эсеп, финансы адистиктеринин студенттери Талас шаарында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдыгына арналган “Талас областынын финансылык экономикалык системасынын өнүүгүү багыттары жана ишмердүүлүктөрү” темасындагы илимий практикалык конференциясына катышышты. Конференцияда колледждин окутуучулары Мамбетова Миргүл Бообековна жана Орозалиева Чынара Мамытовна “Талас областындагы чакан жана орто ишкерчилик” аталышындагы илимий макала менен катышышты. Конференциянын жыйынтыгында Мамбетова М.Б. Талас финансы башкармалыгынын ыраазычылык каты менен сыйланды.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

20 март 2024 г. в 15:21

Бүгүн 20-мартта Талас агрардык экономикалык колледжинде Нооруз майрамына карата “Бар бол, байыркы Нооруз” аттуу майрамдык иш чара болуп өттү. Майрамдык салтанатты колледждин директору б.и.к., а.и.к Б.Б. Алымкулов куттуктоо сөзү менен ачып, окуу жайдын жамаатына ийгиликтерди каалады.
Салтанат “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен улантылды. Кыдыр Ата жана Умай Эне салт боюнча ысырыктоо жөрөлгөсүн жасашып, катышуучуларга бата беришти. Жерге жайгаштыруу адистигинин студенттери сүмөлөк даярдоо боюнча презентациясын көрсөтүшүп, жарамазан айтуу менен майрамды шаңга бөлөштү. Ветеринария адистигинин студенттери “Ат коюу” жана “Баланы бешикке бөлөө” каада салттарын жогорку чеберчиликте көрсөтүп беришти. Экономика жана бухгалтердик эсеп, Финансы адистиктеринин студенттери “Кыз узатуу” салтын көрсөтүшүп, “Нооруз” ырын, “Кара жорго” бийин тартуулашып, көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болушту. Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу адистигинин студенттери комузда кол ойнотушуп, “Баба дыйкан”, “Сары Ой” жана башка мукамдуу ырлары менен эсте калышты.
Талас агрардык экономикалык колледжинин жалпы жамааты Кыргызстан элин эртеңки Нооруз майрамы менен куттуктайт. Өсүп өнүгүү жолунда бололу урматтуу калайык.

https://www.facebook.com/share/p/F6tGZXyqGKQCAQko/?mibextid=oFDknk

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

31 декабрь 2023 г. в 22:51 · 
Талас агрардык экономикалык колледжинин “Финансы” адистигинин 3-курсунун студенти Керимбаев Аманбай Сакышович “Жылдын мыкты студенти” номинациясындагы сыйлыктын ээси болду. Куттуктайбыз. Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна – мэриясына ыраазычылык билдиребиз.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

Бүгүн 16-сентябрда жалпы республикалык ишембиликке Талас агрардык экономикалык колледжинин жамааты активдүү катышышты. Ч.Айтматов көчөсүндөгү бөлүнүп берилген участокто таштандыларды чогултуу, чөп чарлардан арылтуу жана ремонту аяктап бара жаткан окуу корпусунун ичинде тазалоо иштери аткарылды.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

Урматтуу мекендештер, Талас агрардык экономикалык колледжи сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы куттуктайт. Кыргызстаныбызды чогуу өнүктүрөлү.
Талас шаарынын борбордук аянтында өткөрүлгөн бүгүнкү майрамдык иш чарага колледжибиздин жалпы жамааты активдүү катышты.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

2023-жылдын 22-августунда Талас агрардык экономикалык колледжине Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Капашович Иманалиев келди. Колледждин окуу имаратында КР билим берүү жана илим министрлигинин Азия Өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоору тарабынан жүргүзүлүп жаткан ремонт иштери менен таанышты. Окуу жай тууралуу маалыматтарга кызыкты. Жүргүзүлүп жаткан иштерге жана жалпы колледждин коллективине ийгиликтерди каалады.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

17.07.2023
Талас агрардык-экономикалык колледжи 2023-2024 – окуу жылына күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнө абитуриенттерди кабыл алууда.
Колледждин окуу-тарбия процессинде 32 жогорку квалификациялуу окутуучулар эмгектенет. Алардын ичинде эки биология илимдеринин кандидаты, бирөө КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, 1 ага илимий кызматкер, 1 Россия табият таануу академиясынын профессору жана 12 КРнын билим берүүсүнүн мыктылары бар. Колледж ачылгандан баштап 4623 ашуун атайы орто билимдүү адистерди чыгарды, анын ичинен 269 артыкчылык дипломго ээ болушту.
Талас агрардык-экономикалык колледжинде төмөндөгүдөй адистиктер даярдалат:1.Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу; 2.Жерге жайгаштыруу;3.Ветеринария;4.Экономика жана бухгалтердик эсеп;5.Финансы.
Окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт.
ЖРТ (ОРТ) талап кылынбайт. Бюджеттик негизде жалаң “5” окуган студенттердин стипендиясы 720 сомдү түзөт.
Кабыл алуу https/2020.edu.gov.kg/spus/автоматташтырылган маалыматтык системанын жардамы менен ишке ашырылууда. Бардык суроолор боюнча колледждин кабыл алуу комиссиясына кайрылсаңыздар болот. Дареги: Талас шаары, Ч.Айтматов көчөсү 303, Телефон/факс 5-29-50, 5-24-02, 0703201710
Е-mаil: talasagrtehn@mаil/ru

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

Талас агрардык экономикалык колледжинин “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу” адистигинин окутуучулары И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде “Электр менен камсыздоо” программасында 72 сааттык квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүп келишти. Окутуучуларыбыз Шаршенова Оксана Тойчубековна, Айдарова Айнура Бороновна, Азиспек уулу Мирзат, Адамкалый уулу Манас сертификаттарга ээ болушту. Күндүзгү бөлүмдүн башчысы Шаршенова О.Т. ошондой эле аталган программа боюнча тренер квалификациясын далилдей алды. Квалификацияны жогорулатуу курсу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Азия өнүктүү банкынын долбоолорун ишке ашыруу бөлүмүнүн “Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун колдоосу менен жүрдү. Эжеке, агайларыбызды куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалайбыз. Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн менеджери Атаканов Нурлан Чырбановичке жана Темиркулова Клара Тазабековнага курсту уюштуруудагы жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

2023-жылдын 19-майында Талас агрардык экономикалык колледжи КР Билим берүү жана илим министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн “Инклюзивдик көндүмдөрдү өнүктүрүү” программасы тарабынан уюштурулган “Артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер” фестивалына катышты. Талас шаарынын орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө окуу жайыбыздагы адистиктер тууралуу маалыматтар берилди, буклеттер таркатылды. Келечектеги ишмердүүлүк чөйрөсүнө байланышкан даярдалган көргөзмө фестивалдын катышуучуларынын кызыгууларына арзыды. Окутуучуларыбыз, студенттерибиз кызыккан тараптардын бардык суроолоруна жооп берип жатышты.
Фестивалдын уюштуруучуларына ыраазычылык билдиребиз.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

Бүгүн 2023-жылдын 11-майында Талас агрардык экономикалык кооледжинин ветеринария адистигинин 2-курсунун студендттери Бакай-Ата райондук ветеринардык башкармалыгынын адистерине ушул райондун Бакай-Ата, Наматбек жана Үч-Эмчек айылдарынада үй жаныбарларын эхинококк, кутурма илдеттерине карщы эмдөө жүргүзүүгө жардам беришти.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

 17 March 12:17
 2023-жылдын 18-мартында Талас агрардык экономикалык колледжинин жалпы жамааты бүткүл республикалык ишембиликке катышып Талас шаарынын Бердике баатыр  көчөсүндөгү бөлүнүп берилген жерде жана окуу жайдын айланасында тазалоо иштерин жүргүзүштү.Тазалыкты өзүбүздөн баштайлы урматтуу мекендештер.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

 17 March 12:17
Бүгүн 2023-жылдын 17-мартында Талас агрардык экономикалык колледжинде “Нооруз – жаз алып келген “Жаңы күн” деген аталыштагы майрамдык иш чара өткөрүлдү. Колледждин директорунун окуу иштери боюнча орун басары С.Ж.Садырова окутуучуларды жана студенттерди жадыраган жаз майрамы менен куттуктады. Майрамдык иш чара салт болуп калгандай Умай эненин аластоосу, Кыдыр атанын батасы менен ачылды. Студенттер элдик ыр бийлерди ырдашып, майрамдык улуттук каада салттын жөрөлгөлөрүн көрсөтүп беришти.Талас агрардык экономикалык колледжинин жалпы жамааты Кыргызстан элин Улуу Нооруз майрамы менен куттуктайт. Майрамыңыздар менен урматтуу мекендештер.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

24  February 12:17

2023-жылдын 24-февралында Талас агрардык экономикалык колледжинде “Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө” карата “Ата Мекенин Кыргызстан” аттуу салтанаттуу иш чара болуп өттү. Колледждин директору Б.Б.Алымкуловдун куттуктоо сөзүнөн кийин, студенттер өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мекенчилдикке үндөгөн ырлар жаңырды, бийлер аткарылды. Улуу Ата Мекендик согуштун эпизодун чагылдырган сценка тартууланды.Студенттер Ата Мекенди коргоо жалпыбыздын милдетибиз экендигин көрсөтүп жатышты.

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

17  February 22:17

2023-жылдын 17-февралында Талас агрардык экономикалык колледжинде залкар жазуучубуз Ч.Т.Айтматовдун 95 жылдыгын утурлаган иш чара болуп өттү. “Ак кеме” кино тасмасында баланын ролун аткарган Нургазы Сыдыгалиев менен жолугушуу өткөрүлдү. Нургазы агайыбыз Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгын Германияда кандай баалашарына токтолуп, студенттерди анын чыгармаларын окууга чакырды.
Студенттер актер агайга кино тасма тартылып жаткандагы кызыктуу окуяларга, атактуу актерлор менен болгон мамилелерге,
кийинки турмуш жолуна байланышкан суроолорду беришти. Жолугушуунун соңунда Нургазы Сыдыгалиев өзү менен кошо ала келген үйлөмө аспабында
кыргыздын мукам обондорун ойноп берип, көнүлдүү маанай тартуулады. Окутуучулар менен студенттер Нургазы Сыдыгалиев менен чогуу эстеликке сүрөткө түшүштү.

Бүгүн 2022-жылдын 29-декабрында Талас агрардык экономикалык колледжинде “Кел жаңы жыл, ырыс-бакыт ала кел” аттуу майрамдык салтанат болуп өттү. Майрамдык концертти колледжин директору Б.Б.Алымкулов куттуктоо сөзү менен ачып, окутуучулар жамаатына иштериндеги, студенттерге окууларындагы ийгиликтерди каалады. Студенттер жана окутуучулар көрүүчүлөргө өз таланттарын тартуулашты.
Концерттик программа студенттердин майрамдык дискотекасы менен улантылды.
Талас агрардык экономикалык колледжи Кыргызстан элдерин жаңы жылы менен куттуктайт. Жаңы жылыбыз жаңы ийгиликтерди, жетишкендиктерди, эң негизгиси тынчтык алып келсин.

Колледжибиздин “Экономика жана бухгалтердик эсеп”, “Финансы” адистиктеринин 2-курсунун студенттери бүгүн 2022-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Талас облустук башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Ачык эшик күнүнө” катышып келишти.Иш чаранын алкагында башкармалыктын бөлүм башчылары студенттерге өз тармактары боюнча кеңири маалыматтар менен тааныштырышты. Кыргызстандагы статистиканын тарыхы тууралуу слайд көрсөтүлдү. Башкармалыктын башчысы Бараков Бакирдин Аманович студенттерге экскурсия уюштуруп, кызыктырган суроолоруна жооп берди. Алынган маалыматтарды студенттерибиз окуп жаткан “Статистика” сабагында толук пайдалана алышат.

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

22 ноябрь в 22:10   
Бүгүн 2022-жылдын 22-ноябрында Талас агрардык экономикалык колледжинде 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Талас облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун адистери тарабынан уюштурулган “Тест тапшыруунун жолдору”аттуу семинар болуп өттү. Бул иш чарада студенттер аталган илдеттен сактануу жана анализ тапшыруу жолдору тууралуу маалыматтарды алышты. 3-курстун студенттери жана окутуучулар тест тапшырышты.
Баарыбыз ден соолукта бололу урматтуу мекендештер.

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

17 ноябрь в 22:50  · 
17-ноябрь студенттердин эл аралык күнү бүгүн биздин колледжде да белгиленди. Алгач биринчи курстун студенттерине зачеттук китепчелери менен студенттик билеттерин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары С.Ж.Садырова тапшырып, окууларында жетишкендиктерди каалады. Ошондой эле окуудагы ийгиликтери жана коомдук иштердеги активдүүлүктөрү үчүн 2- жана 3-курстун бир топ студенттери колледждин ардак грамоталары менен сыйланышты. Эжеке агайлар да студенттерге ыр белек тартуулашты. Студенттер тарабынан даярдалдаган музыкалуу программа зор кызыгууну жаратты. Майрамдык программа дискотека менен уланды.
Эгемендүү Кыргызстандын бардык студенттерин майрамы менен куттуктайбыз.

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

15 ноябрь в 19:55  · 
Бүгүн 2022-жылдын 15-ноябрында Талас агрардык экономикалык колледжинин айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу, ветеринария, финансы адистиктеринин 2-курсунун студенттеринен түзүлгөн куткаруучулар тобу Талас шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн кезектеги машыгууга катышышты. Магыгуу учурунда студенттер өзгөчө кырдаалдарда жабырлануучуларга көрсөтүлүүчү алгачкы жардамдар туурасында маалымат алышып, жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөнүштү. Куткаруучу топту колледждин дене тарбия жетекчиси Мамыралиев Медеркул Абданалиевич агайыбыз жетектеп барды.

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

9 ноябрь в 09:41  · 
2022-жылдын 4-ноябрында Талас агрардык экономикалык колледжинде мамлекеттик тилдин 3 айлыгынын алкагында “Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” аттуу адабий музыкалык кече өткөрүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты студенттерди өз эли-жерин, эне тилибиз – мамлекеттик тилди, ата-бабадан калган улуу мурастарды урматтап, аздектөөгө тарбиялоо болду. Себеби биздин колледждин миссиясы: “Компетенттүү, атаандаштыкка жөндөмдүү жана инсандык сапаттары калыптанган адисти даярдоо” болуп саналат. Адабий кечеде студенттер көркөм окуу, жандуу ырларды аткаруу, кыргыз бийлерин бийлөө, макал-лакаптарды айтуу жана кыргыз элинин каада-салттарын баяндоо боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Кечени окуу жайдын китепкана башчысы Койчукеева Бактыгүл Адылбековна уюштуруп, алып барды.

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

2 ноябрь  · 
Талас агрардык экономикалык колледжи окутуучулук кызматка чакырат.
1. Жогорку билимдүү ветеринардык врачтарды.
2. 1С бухгалтерияны билген бухгалтердерди
Резюмени talasagrtehn@mail.ru электрондук дарегине жиберсе болот же окуу иштери боюнча орун басар Б.Алымкуловго кайрылсаңыздар болот.

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Талас Агрардык Экономикалык Колледжи

28 октябрь  · 
Бүгүн 28.10.2022 күнү Талас шаарынын А.Огонбаев атындагы музыкалык мектебинде “Бош орундар жана кесиптер жарманкеси” болуп өттү. Бул жарманкеге колледждин окутуучулары менен студенттери активдүү катышышты. Колледждеги 5 адистик боюнча маалыматтык көргөзмөлөр, буклеттер, атайы адабияттар, жабдуулар кесиптик кийимдерди кийген студенттер тарабынан жарнамаланды. Келген коноктор кызыгуу менен биздин студенттер менен окутуучуларга суроо узатып жатышты. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө буклеттер таркатылды. Агрардык адистиктеги кесиптер келген мектеп окуучуларынын көз жаздымында калган жок. Себеби алар көптөгөн суроолору менен кайрылып жатышты. Бардык суроолорго квалификациялуу жооптор берилди.

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Улуу манасчы жана семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдыгына арналган иш чаралардын алкагында 2022-жылдын 14-октябрында Талас агрардык экономикалык колледжинин окутуучулары жана студенттери СССРдин эл артисти К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык таетрында болушуп, “Семетейчи Сейдана” спектаклин көрүштү. Театрдын директорунун милдетин аткаруучу Кудайбергенова Рейна Өктөмбековна колледждин жамаатын жылуу сөздөрү менен тосуп алып, жаңы театр сезонунун ачылышында көрүшүп жатканына кубанычта экенин белгилеп, дайыма театр көрүүчүлөрүнүн катарында болууга чакырды. Спектакль студенттерге зор таасир этип, айрымдары көздөрүнө жаш алып отурушту. Жыйынтыгында роль аткарган артисттерди узакка созулган овация тосуп алды. Колледждин директорунун милдетин аткаруучу Б.Б.Алымкулов театрдын чыгармачылык коллективине ийгиликтерди каалады. Биздин окуу жайдын коллективи мындан ары да театр сүйүүчүлөрдүн катарында болушаарын убада кылды.

________________________________________________________________________________________________

________________________________________________________________________________________________

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдында “Инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр” Сектордук өнүктүрүү программасынын алкагында өлкөбүздөгү орто кесиптик окуу жайлары үчүн “Ишкерчиликтин негиздери” сабагынын окуу куралы иштелип чыгып, негизги кесиптик билим берүү программасына кошуу сунушу берилген. Биздин колледждеги ар бир адистиктин окуу планына 3 кредит көлөмдө ушул сабак киргизилген. Экономика адистиктери боюнча циклдык комиссиясынын төрайымы, окутуучу Токтосунова Назира Эмилбековна жогоруда аталган программанын окуу куралын өздөштүрүү боюнча семинар-тренингине сентябрь. айында катышып келген. 2022-жылдын 12-октябрында Назира Эмилбековна “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу” адистигинин 3-курсунун ТЭ-3-1-20 тайпасынын студенттерине “Менин бизнесим” темасындагы ачык сабагын өттү. Сабакта “Шляпа” аталышындагы интерактивдүү ыкма колдонулуп, студенттер топторго бөлүнүп “Үй тазалоочу компания” бизнесинин ишмердүүлүгүнө талдоо жасашты. Андан кийин топтор “Менин бизнесим” деген темада стартаптарды иштеп чыгып сунушташты. Натыйжада студенттер бизнес жүргүзүүнүн алгачкы кадамдары менен таанышышты. Сабак студенттердин активдүүлүгү, кызыгууларынын жогорулугу менен айырмаланып турду. Кесиптешибиз Назира эжекенин ишине ийгиликтерди каалайбыз.

Тилди таңданыз

Кыргызча KG Русский RU English EN

Изде

Жаңылыктар

  • Талас агрардык экономикалык техникуму 18 млн сомго оңдолду 11.09.2024
  • Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы. 05.08.2024
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ! 05.08.2024

Галeрея

May 2025
M T W T F S S
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Sep    

Дарегибиз

Шаар: Талас

Көчөсү: Чынгыз Айтматов №303

Тилди таңданыз

ТАЛАС АГРАРДЫК ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ 2025 . Powered by WordPress