“Б Е К И Т Е М И Н“
ТАЭКтин директору
___________ Абдукаимов Ш.С
Сурамжылоо №6
Ата-энелер арасында сурамжылоо
Сурамжылоонун максаты: Окуу жайдын кадыр-баркын, кемчиликтерин, жетишкендиктерин, студенттердин көйгөйлөрүн аныктоо, изилдөө, жыйынтыктоо жана ошолордун негизинде окуу-тарбия процессинде оңдоо-түзөөлөрдү киргизүү.
Сурамжылоону жүргүзүүнүн мөөнөтү: 2018-2019-окуу жылдын ортосу.
Урматтуу ата-эне, төмөндөгү суроолорго ачык, так, тартынбай жооп берүүңүздү суранабыз. (Аты-жөнүңүздү жашыруун калтырсаңыз болот) Бул Сиздин биздин окуу жайдын кадыр баркын жогорулатууга салым кошконуңуз болот. Сиздин ар бир оюңуз биз үчүн маанилүү.
СУРООЛОР
1-суроо: Биздин колледж жөнүндө маалыматты кайсы булактан алдыңыз? (керектүүсүн белгилеңиз, бир нечесин белгилесеңиз да болот)
- Достор, тааныштарымдан.
- Басма сөз каражаттардан.
- Окуу жайдагы кызматкерлерден, окутуучулардан.
- Жакын жашайм.
- Ачык эшиктер күнүндө.
- Кесипке үгүттөө ишинен.
- Ата-энелер чогулушунан.
- Мектептеги мугалимдерден.
- Колледждин сайтынан.
2-суроо: Балаңыз биздин окуу жайды тандаганы эмнеге байланыштуу болду?
- Кеңири мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк бар.
- Окутуунун сапаты үчүн.
- Сабактан тышкаркы иштери үчүн.
- Окуу жайдын белгилүүлүгү, атак-даңкы үчүн.
- Кымбат эмес.
- Досумдун сунушу.
- Биздин (ата-эненин) чечими.
3-суроо: Башка окуу жайлардан (ушул өрөөндөгү) биздин окуу жай эмнеси менен айырмаланат?
- Керектүү кесиптерди даярдайт.
- Сапаттуу бүтүрүүчүлөрдү даярдайт.
- Педжамаат ынтымактуу.
- Жакшы мугалимдер көп.
- Студенттердин тартибине, өсүп-өнүгүүсүнө шарт бар.
- Студенттерге ар тараптуу талаптар коюлат (сабакка регулярдуу катышуу, кечикпөө, иш-чараларга активдүү катышуу, тазалыкты, өздүк гигиенаны сактоо)
- Ата-эне менен жакшы контакт бар.
- Атактуу бүтүрүүчүлөрү көп.
- Практикага чыгуу жакшы жолго коюлган.
4-суроо: Окуу жайга көнүп кетүүгө балаңызга эмне түрткү болду?
- Балам али көнө албай жүрөт.
- Окууга болгон көндүм адаты.
- Маданий, эс алуу иш-чаралар.
- Тайпадагы өз-ара кызматташтык мамиле.
- Окутуучулардын мамилеси.
- Куратордун таасири.
- Окууга болгон кызыгуусу.
5-суроо: Сиздин балаңыздын окуу процессиндеги көйгөйлөрүн чечүүгө ким көбүрөөк жардам берет.
- Тайпадагы достору.
- Ата-эне.
- Староста.
- Бөлүм башчы.
- Администрация.
- Куратор.
- Психолог.
- Өзү.
- Жогорку курстагы студенттер.
6-суроо: Сиздин балаңызга/кызыңызга 1-курста кандай кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келди?
- Окуу процессинин шартына көнүү.
- Жогорку курстагы студенттер менен мамиле.
- Экзамен, зачеттон коркуу.
- Эл алдына чыгып сүйлөө.
- Жумушчу режимине к-нүү (саат 8:30дан-15:50 чейин окуу).
- Студенттер менен мамиле түзүү.
- Тандаган кесибинен күмөн саноо (өкүнүү).
- Башка жерде жашоо.
- Ата-энесинин жанында жоктугу.
7-суроо: Окуу жайда кандай кемчиликтер бар деп ойлойсуз?
- Рекетчилик.
- Коррупция.
- Ата-энелер менен начар байланыш.
- Окутуучулардын начар мамилеси (кемсинтүү, шылдыңдоо, жумшоо, маданиятысыздык)
- Билим деңгээли жана окутуу начар.
- Балдардын укугу чектелген (эркиндик жок).
- Балдарды өтө бош коюу.
- Окуу бөлмөлөрү кир.
- Талап катуу.
- Окутуунун каражаттары жетишпейт.
8-суроо: Сиз төмөндөгү маалыматтарга муктажсызбы?
- балаңыздын/кызыңыздын сабакка кечигүүсү.
- балаңыздын/кызыңыздын сабактан кетип калуусу.
- балаңыздын/кызыңыздын сабакта жооп берүүсү.
- балаңыздын/кызыңыздын сабакка кечигүүсү.
- балаңыздын/кызыңыздын колледждеги жүрүш-турушу.
Жыйынтыгын сурамжылоо комиссиясы чыгарат.
Иштеп чыккан Усулкана