АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!

Бүгүн 2024-жылдын 18-июлунда Талас агрардык экономикалык колледжинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу салтанаты болуп өттү. Колледжди «Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу» адистигин 30, «Ветеринария» адистигин 18, «Финансы» адистигин 11, «Экономика жана бухгалтердик эсеп» адистигин 9, «Жерге жайгаштыруу» адистигин 8 студент аякташты. Бардык 76 бүтүрүүчүнүн ичинен 9 адам артыкчылык диломдоруна ээ болушту. Дипломдорду колледждин директору б.и.к., а.и.к Алымкулов Б.Б. тапшырды. Куттуктоо сөзүндө ал жаш адистерге ак жол каалады. Мекенибиз үчүн эмгектенүүгө чакырып, залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун «Адамга күн сайын адам болуу кыйын» деген таасын сөзүн эске салды. Бүтүрүүчүлөрдү колледждин ардагер окутуучусу Г.С.Мамбеталиева, окуу иштери боюнча орун басар С.Ж. Садырова куттукташып, келечек жолдорунун ар дайым ачык болушуна тилектештигин билдиришип, окуу жайдын атын ар дайым бийик алып жүрүүгө чакырышты. Бүтүрүүчүлөр дагы ыраазычылыктарын билдиришти.