Студенттердин билимин баалоонун талаптары жана критерийлери жөнүндө жобо
Студенттердин кайрылуулары жана даттануулары жөнүндө жобосу
“Б Е К И Т Е М И Н”
ТАЭК-нин директору
___________ Алымкулов Б.Б.
№1-сурамжылоо
МАМИЛЕЛЕР ЖАНА КЫЗЫГУУЛАР
2024-25-окуу жылында 1-2-курстун студенттеринин арасында сурамжылоо
Сурамжылоонун максаты: ТАЭК-деги студент менен окутуучунун, студент менен студенттин ортосундагы мамиленин айкындыгын,
тазалыгын, студенттердин кызыгууларын аныктоо жана рекетчиликке жол бербөөгө, аны менен күрөшүүгө тарбиялоо.
Сурамжылоону жүргүзүүнүн мөөнөтү: 2024-2025-окуу жылдын 1-семестри.
Урматтуу студент,
колледждеги студенттер, окутуучулар менен сиздин мамилеңизди, сиздин кызыгууларыңызды билүү максатында жашыруун
сурамжылоо жүргүзүлөт. Туура, чын жооп берүүнү суранабыз. Сиздин ар бир жообуңуз, оюңуз биз үчүн маанилүү.
СУРООЛОР
1-суроо: Сага ТАЭКте билим алуу жагабы?
а) ооба б) жок в) билбейм
2-суроо: Колледжде окуп калганыңдын себептери кайсы?
а) өзүмдүн тандоом б) ата-энемдин каалоосу в) диплом керек
3-суроо: Колледждеги окутуучулардын сага жасаган мамилеси жагабы?
а) ооба б) жок
4-суроо: Колледжде окуган студенттердин сага жасаган мамилелери жагабы?
а) ооба б) жок
5-суроо: Сени жумасына болуп жаткан окуу жүгү канааттандырабы?
а) ооба б) жок, өтө аз в) жок өтө көп
6-суроо: Сабактан тышкары ийримдерге катышасыңбы?
а)ооба б) жок, кызыкпайм в) шарт жок
7-суроо: Эгерде мүмкүнчүлүгүң болсо кандай ийримдерге катышат элең?
- Бий кружогуна;
- Англис тили;
- Орус тили;
- Компьютердик курс;
- Адистиги боюнча кошумча ийрим;
- Айдоочулук курс;
- Күрөш;
- Шейпинг.
- Тогуз коргоол;
- Шахмат;
- Оригами;
- Кондитер азыктары;
- Салат жасоо;
- Токуу;
- Маникюр;
Жыйынтыгын сурамжылоо комиссиясы чыгарат.
Иштеп чыккан Усулкана
Китепкана, медпункт, ашкана жана жатакана жөнүндө
2024-25-окуу жылында 1-2-3-курстун студенттеринин арасында сурамжылоо
Сурамжылоонун максаты: Студенттерди ТАЭК-деги китепкана, ашкана, медпункт жана жатакана канааттандырабы, окуу процессинде алардын ролу кандай экендигин талдоо, кемчиликтерди аныктоо.
Сурамжылоону жүргүзүүнүн мөөнөтү: 2024-2025-окуу жылдын 2-семестри.
Урматтуу студент,
колледждеги китепкана, ашкана, медпункт жана жатаканадагы шарттар сизди канааттандырабы, абалы тууралуу оюңузду билүү максатында жашыруун сурамжылоо жүргүзүлөт. Туура, чын жооп берүүнү суранабыз. Сиздин ар бир жообуңуз, оюңуз маанилүү.
СУРООЛОР
1-суроо: ТАЭКтеги китепкананын кызматынан пайдаланасыңбы?
а) ооба б) жок в) кээде
2-суроо: Китепкананын кызматынан пайдаланбасаң, себеби эмнеде?
а) мамилеси жакпайт б)кызыктуу эмес в) барсам жабык
3-суроо: Сабакка даярданганда маалыматтарды кайдан аласың?
а) китептен б) интернеттен в) конспекттен г) даярданбайм
4-суроо: Колледжде окугандан бери медпункттун кызматынан пайдаландыңбы?
а) ооба, 1-5 жолу б) жок, башка жакка кайрылам в) жок
5-суроо: Колледждин ашканасы жагабы?
а) ооба б)жок в) билбейм
6-суроо: Кандай кемчиликтери бар? (башка ой болсо жазгыла)
а) идиштер, стол кир б) тамак даамдуу эмес в)баасы кымбат г) мамилеси жаман
Жатаканада жашагандар үчүн:
7-суроо: Жатаканада жашаганыңызга канча убакыт болду?
а) 1-жыл б) 2-жыл в) 3-жыл
8-суроо: Жатаканада окуу үчүн кандай шарттар бар? ( бар нечесин белгилегиле)
а) жылуу ж) китепкана
б) таза з) ысык суу бар
в) тынч и) туалет таза
г) тамак жасап беришет й) сабак окуй турган бөлмө бар
д) тамакты өзүм жасайм к) спорт зал
е) кир жууп, үтүктөөчү бөлмө л) эс алуу бөлмөсү
ё) тамагы даамдуу м) душ
9-суроо: Жатакана менен колледжден ким байланышып турат?
а) директордун орун басары в) куратор
б) бөлүм башчы г) эч ким байланышпайт
10-суроо: Жатаканада бирөөлөр менен конфликт болду беле?
а) ооба, 1-3 жолу б) ооба, 3 төн ашык жолу в) жок
Жыйынтыгын сурамжылоо комиссиясы чыгарат.
Иштеп чыккан Усулкана
Сурамжылоо №3
САБАКТЫН САПАТЫ, ТАЗА СЕССИЯ
2024-25-окуу жылында 1-2-3-курстун студенттеринин арасында сурамжылоо
Сурамжылоонун максаты: Талас агрардык экономикалык колледжиндеги окутуучулардын сабактын сапаттуулук деңгээлин билүү, студенттердин сабакка болгон мамилесин аныктоо.
Сурамжылоону жүргүзүүнүн мөөнөтү: 2024-2025-окуу жылдын 2-семестринин башы.
Урматтуу студент,
Колледжде сабактар сапаттуу өтүлөбү, коррупциянын абалы тууралуу оюңузду билүү максатында жашыруун сурамжылоо жүргүзүлөт. Туура, чын жооп берүүнү суранабыз. Сиздин ар бир жообуңуз, оюңуз маанилүү. (айрым суроолорго 5 баллдык жооп берилет)
СУРООЛОР
1-суроо: Сага ТАЭКте билим алуу жагабы?
а) ооба б) жок в) билбейм
2-суроо: Колледжде сабак учурунда сабак өтпөй башка иш менен алектенген мугалимдер барбы? а) ооба б) жок в) билбейм
3-суроо: Сабакта окутуучулар лекция жаздырып, анан түшүндүрүп береби?
а) ооба б) жок в) билбейм
4-суроо: Сабактар көрсөтмө курал пайдаланып өтүлөбү? “1”, “2”, “3”, “4”, “5”
5-суроо: Студент менен жекече иштер болобу?“1”, “2”, “3”, “4”, “5”
6-суроо: Мугалимдер сабакта жаңы ыкмаларды колдонобу? Мисалы: синквейн, кластер, Т-схема, Венн диаграммасы, кроссворд, ж.б (астын сызгыла).
7-суроо:Менин оюмча коррупция бул:
- Акчалай пара берүү;
- Кымбат баалуу белек кылуу;
- Бюджеттин акчасын жеке кызыкчылыгна пайдалануу;
- Жеңилдиктерди жеке максаты үчүн башкаларга берүү;
8-суроо:ЭгердеСизде пара бере турган жагдай болуп калса, пара (акча, белек) берүүгө даярсызбы?
- Ооба
- Жок
9-суроо: ТАЭК-де Сиз коррупцияга кездешкен учур болду беле?
- Ооба, окууга тапшырганда
- Ооба, окуу мезгилинде;
- Жок;
- Жооп бере албайм.
10-суроо:Студенттер пара берүүгө мажбур болушат,себеби:
- сабакты окушпайт;
- сабактар өтө кыйын;
- мугалим тарабынан талап өтө катуу коюлат;
- окутуучу пара берүүгө мажбур кылат;
- мугалимдинсабак берүүсү кызыксыз, түшүнүксүз.
11-суроо: Сиздин оюңузча, колледжде паракорчулукка жол берүүнүн инициатору (демилгечиси) ким? (бир нечесин белгилесеңиз болот)
- студенттер/абитуриенттер;
- студенттер/абитуриенттер дин ата-энелери;
- окутуучулар;
- колледждин кызматкерлери/администрациясы;
- мугалимдин сабак берүүсү кызыксыз, түшүнүксүздүгү.
12-суроо: Сиздин оюңузча, (колледжде) кайсы жаштагыларкөбүнчө пара алышат?
- жаш окутуучулар (35 жашка чейинкилер);
- орто жаштагылар (35-55 жаштагылар);
- улуулар (55 жаштан жогоркулар).
13-суроо:Паракорчулукту азайтуу үчүн кандай чара көрүш керек?
- Экзамендерди жалгыз эмес, комиссия алса;
- Экзамендер бланкалык тестирлөө түрүндө алынса;
- Экзамендер компьютердик тестирлөө түрүндө алынса;
- Окутуучулардын айлык акысын жогорулатуу.
Жыйынтыгын сурамжылоо комиссиясы чыгарат.
Иштеп чыккан Усулкана
Сурамжылоо №4
Студенттердин күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттангандыгын баалоо.
2024-25-окуу жылында 3-курстун студенттеринин арасында сурамжылоо
Сурамжылоонун максаты: Билим берүү программасын өркүндөтүү максатында студенттердин күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттангандыгын баалоо, окутуунун күтүлүүчү натыйжаларга жетүүнүн деңгээлин, теориялык жана практикалык сабактардын сапатын, кайтарым байланышты аныктоо.
Сурамжылоону жүргүзүүнүн мөөнөтү: 2024-25-окуу жылдын аягы.
Урматтуу студент,
колледждеги билим берүү программасын өркүндөтүү максатында жашыруун сурамжылоо жүргүзүлөт. Туура, чын жооп берүүнү суранабыз. Сиздин ар бир жообуңуз, оюңуз биз үчүн маанилүү. Суроолорго 5 баллдык баа менен жооп бериңиз.
Суроолор | 5 | 4 | 3 | 2 | 1 | |
1 | Өндүрүштүк практикадан алган билимдериңиз канчалык маанилүү болду? | |||||
2 | Өндүрүштүк практикага бөлүнгөн сааттын көлөмү (360 саат /45 күн) жетишээрлик болду деп ойлойсузбу? | |||||
3 | Практика мезгилинде сиз көрдүңүз, теория менен практиканын дал келишин кандай баалайсыз? | |||||
4 | Ишканадагы жаңы (техникалык) каражаттарда иштөө жөндөмүңүздү кандай баалайт элеңиз? | |||||
5 | Колледжде алган кесиптик билимиңизди кандай баалайсыз? | |||||
6 | Колледжде билим алганыңызга канчалык канааттанасыз? | |||||
7 | Окутуучулардын сизге жасаган мамилесин кандай баалайсыз? | |||||
8 | Колледждин окутуучуларынын билим деңгээлин кандай баалайсыз? | |||||
9 | Колледждин окутуучулары сабакты канчалык деңгээлде жеткиликтүү билим беришти деп ойлойсуз (кесиптик сабактар боюнча)? | |||||
10 | Колледждин окутуучулары сабакты канчалык деңгээлде жеткиликтүү билим беришти деп ойлойсуз (жалпы сабактар боюнча)? | | ||||
11 | Колледжди аяктагандан кийинки планыңыз: жумушка орношуп акча табам. жогорку окуу жайга тапшырып, билим алууну улантам. чет өлкөгө акча табууга кетем. үйдө калып ата-энеме жардамдашам. армияга кетем. | |||||
12 | Кайсы кесиптин студентисиз? экономика жана бухгалтердик эсеп каржы жерге жайгаштыруу ветеринария а/ч электрлештирүү жана автоматташтыруу |
Иштеп чыккан Усулкана