Талас агрардык экономикалык техникуму 18 млн сомго оңдолду

Бүгүн 2024-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн “Сектордук өнүктүрүү программасы: Иклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагын республикабыз боюнча башталгыч жана орто кесиптик окуу жайларында жүргүзүлгөн ремонт иштеринин жана орг. техника, лабораториялык жабдуулар менен окуу эмеректери менен жабдуу иштерин ачуу иш чарасы болуп өттү. Талас агрардык экономикалык колледжи дагы ушул долбоорго пилоттук колледж катары кирген. Салтанаттуу иш чарага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Эсиркеповна Сейдикеримова, колледждин окутуучулары, студенттер, иш берүүчүлөр, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрү он лайн форматта катышышты. Кызыл тасманы кесүүдөн кийин коноктор ремонт иштери, жаңы жабдуулар менен таанышышты. Студенттер менен жолугушууда М.Э.Сейдикеримова билим алуудагы түзүлгөн жакшы шарттарды толугу менен пайдаланып, мекенчил болууга чакырды. Колледждин жамаатына ийгиликтерди каалады.

Долбоордун алкагында колледжин окутуучулары компетенттүүлүктүн негизинде окутуу, жумуш ордунда окутуу, стратегиялык пландоо, гендердик теңчилик жана инклюзия, эмгек рыногун талдоо методологиясы, кесиптик квалификациясын жогорулатуу, ишкерчиликтин негиздери боюнча даярдоодон өткөндүгүн айта кетишибиз керек. Ошондуктан КР Билим берүү жана илим министрлигине, долбоордун директору Расул Абазбековичке жана АӨБ долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн менеджери Атаканов Нурлан Чырбанович баштаган бардык кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирмекчибиз.