• About WordPress
    • WordPress.org
    • Documentation
    • Learn WordPress
    • Support
    • Feedback
  • Log In
Skip to content

ТАЛАС АГРАРДЫК ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

TAЭК

Menu
  • АБИТУРИЕНТТЕРГЕ
    • БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ
  • АДИСТИКТЕР
    • Күндүзгү бөлүм
      • Окуу процессинин графиги
    • Сырттан окуу бөлүмү
  • Башкы бет
    • 2024-2025-окуу жылы боюнча окуу-тарбия иштеринин планы
    • Лицензия жана сертификат
    • ТАЭК жетекчилиги
    • ТАЭК миссиясы жана стратегиясы
    • ТАЭК тарыхы
      • Постановление № 289
    • Устав
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • Каржы отчеттуулугу
  • КОЛЛЕДЖ ТУУРАЛУУ
  • Мамлекеттик тил
  • ОКУТУУЧУЛАРГА
    • Курстук иштер
    • Мамлекеттик сынактар
    • Практика
    • ТАРБИЯ ИШТЕРИ
    • Усулдук кеңеш
    • Циклдык комиссиялар
  • Расписание
    • Консультация
    • Мам.экзамендер
    • Мамлекеттик экзамен 3-курс
  • Сапат менеджмент системасы
  • Спорттук иш чаралар
  • СТУДЕНТТЕРГЕ
    • ЖОБОЛОР
    • Студенттик кеңеш
  • ТАЭК сыйлыктары
  • ЧЕНЕМ УКУКТУК БАЗА
    • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЕСИПТИК ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮСҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТТАРЫ
  • ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА
    • Ветеринария
    • Экономика жана бухгалтердик эсеп
    • Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу
    • Жерге жайгаштыруу
    • Техник-прогаммист
    • Финансы
  • Вакансия
  • ММК
    • «Адис башаты»

АБИТУРИЕНТТЕРГЕ

                                                                                             АБИТУРИЕНТ 2024
                                                                                        КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДА!

                                                                      ТАЛАС  АГРАРДЫК ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

                                                                                    2024- 2025- ОКУУ ЖЫЛЫНА

                                                                                 КҮНДҮЗГҮ ЖАНА СЫРТТАН ОКУУ

                                                       БӨЛҮМДӨРҮНӨ СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ  АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ.

 

Биздин окуу жай 1991-жылы 18-июнда Кыргыз Өкмөтүнүн № 289- токтомунун негизинде уюшулган. Кесиптик орто билим берүү укугун тастыктаган  № LC190002195 лицензиясы жана көз карандасыз аккредитациядан өткөндүгүн тастыктоочу № VK190000094 сертификатына ээ.

Педагогикалык потенциалы:

Колледждин окуу-тарбия процессинде 32 жогорку квалификациялуу окутуучу эмгектенет. Алардын ичинде 2 биология илимдеринин кандидаты, 1 Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, 1 Россия табият таануу академиясынын профессору жана 14 Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги  бар.

Колледж ачылгандан баштап 4568 ашуун атайы орто билимдүү адистерди чыгарды, анын ичинен 261 артыкчылык дипломго ээ болушту.

 

Адистиктер

 

Ишмердүүлүк чөйрөсү

Окуу  мөөнөтү Тестирлөө

 сабактары

11-класстын базасында 9- класстын базасында
Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу

(бюджет, контракт)

Жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканаларына, шаардык, райондук электр түйүндөрүнүн ишканаларына, ишкана мекемелердин электр чарбасына техник-электрик кадрлары даярдалат. 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай Физика, кыргыз/орус тили жана адабияты
Жерге жайгаштыруу

(бюджет, контракт)

Шаардык, райондук, мамлекеттик администрацияларда, жер маселелери боюнча бейтарап сотторго, кыймылсыз мүлктү баалоо мекемелерине квалификациялуу техник-жерге жайгаштыруучуну даярдайт. 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай
Ветеринария

(бюджет, контракт)

Ветеринардык сервистерди, мамлекеттик ветеринардык көзөмөл мекемелерин, ветеринардык фельдшерлер менен камсыз кылат. 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай Биология, кырг/орус тили жана  адабияты
Экономика жана бухгалтердик эсеп

( контракт)

Коомдун муктаждыктарына ылайык улуттук экономика үчүн жана мамлекеттик мекемелерде, коммерциялык ишканаларда өзүлөрүнүн ишкерлигин ийгиликтүү көрсөтө алуучу бухгалтерлер  даярдалат. 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай Математика, кыргыз (орус) тили жана  адабияты
Финансы

(контракт)

Мамлекеттик, аймактык финансы, казына органдарында, банктык мекемелерде, кредиттик уюмдарда иштөөгө даяр финансист адисин окутуп чыгарат. 1 жыл 10 ай 2 жыл 10 ай

Окутуу бюджеттик жана контракттык негизде жүргүзүлөт.

Көңүл бургула!     Бюджеттик негизде жалаң “5” деген бааларга окуган студенттердин стипендиясы 720 сомду түзөт.

Арыздар 2024-жылдын 25-июнунан баштап кабыл алынат.

Тапшыруу үчүн талап кылынуучу документтер:

  • Абитуриенттин арызы
  • Билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документ (түп нускасы)
  • № 086-У формасындагы медициналык справка
  • Паспорт жана башка күбөлөндүрүүчү документтерди өздөрү көрсөтүшөт
  • 3х4 см. өлчөмүндөгү 6 сүрөт
  • Аскер күбөлүгү же билети

 

Бардык суроолор боюнча колледждин кабыл алуу комиссиясына кайрылыңыздар.

Дареги: Талас шаары, Ч.Айтматов көчөсү 303, Сайт: taek.edu.kg

Телефон/факс 5-29-50, 5-24-02, Моб.: 

Е-mаil: talasagrtehn@mаil.ru

                                                                                               

  

                                                                                         

Тилди таңданыз

Кыргызча KG Русский RU English EN

Изде

Жаңылыктар

  • Талас агрардык экономикалык техникуму 18 млн сомго оңдолду 11.09.2024
  • Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы. 05.08.2024
  • АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ! 05.08.2024

Галeрея

May 2025
M T W T F S S
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Sep    

Дарегибиз

Шаар: Талас

Көчөсү: Чынгыз Айтматов №303

Тилди таңданыз

ТАЛАС АГРАРДЫК ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ 2025 . Powered by WordPress