ТАЭК-де жыл сайын ачык сабакттардын өтүлүшү салтка айланган. Окуу жайдагы педагогикалык жамаат үч циклдык комиссияга бөлүнгөн. Алар: Ветеринария жана жалпы билим берүүчү, техникалык жана экономикалык сабактар боюнча комиссиялар. Ачык сабак өтүүнүн негизги максаты болуп окутуучулар өз ара тажрыйба алмашуу, билим берүүнүнт алдыңкы технологияларын үйрөнүү болуп эсептелет. Жыл сайын окуу жайда мониторинг комиссиясы ачык сабартардын жыйынтыгын чыгарып, алдыңкы окутуучуларды, мыкты сабактарды аныкташат.