Окуу жайдын аталышы: Талас агрардык экономикалык колледжи.
Юридикалык дареги: индекс 724203, Талас шаары,Ч.Айтматов көчөсү 303,
телефон: 5-29-50,5-24-02.
Электрондук почта: talasagrtehn@mail.ru
- Талас агрардык экономикалык колледжи (мурда Талас айыл чарба техникуму) 1991-жылдын 18-мюнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин ”Талас шаарында айыл чарба техникумунун ачылышы жөңүңдөгү” № 289 Токтомунун негизинде ачылган.
- Алгач 4 адистик боюнча окутуу жүргүзүлгөн: Аарычылык, Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы, Тери жана мехтин технологиясы, Тамекинин технологиясы
1992-жылы “Тери жана мех бумдарын өндүрүү” адистиги ачылды.
1993-жылы “Зооветеринария” адистиги ачылды.
1994 жылы “Экономика жана бухгалтердик эсеп”
1996-жылы “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу”
1997-жылы “Салыктар жана салык салуу”
2000-жылы “Жерге жайгаштыруу”
2005-жылы “Финансы” адистиктери ачылган.
- 1997- жылы техникум Кыргыз Агрардык академиясынын курамына Таластагы айыл чарба техникуму катары кирген. 1998- жылы техникумдун базасында сырттан окуу боюнча Кыргыз агрардык академиясынын филиалы ачылыган.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлунда чыккан № 189 Жарлыгынын негизинде техникум Талас мамлекеттик университетинин курамына кирген.
- КР Президентинин 2006-жылдын 29-декабрында чыккан № 646 Жарлыктын негизинде техникум Талас мамлекеттик университетинин курамынан чыгып окуу жайга Талас айыл чарба техникуму деген статус берилген.
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2009-жылдын 21-майында чыккан № 575/1 буйруктун негизинде техникум Талас агрардык экономикалык колледжи деп аталган.
Абдукаимов Шаршенбай Солтонович
Колледждин биринчи директору – 1990-2022, август
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер,
Биология илимдеринин кандидаты, Билим берүүнүн отличниги
talasagrtehn@mail.ru