Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы.

2024-жылдын 31- майында Талас агрардык экономикалык колледжинин студенттери Кара Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, Талас шаарынын 80 жылдыгына жана колледжибиздин уюшулгандыгынын 33 жылдыгына арналган “Дени сак улут, күчтүү мамлекет” аталышындагы ден соолук күнүн өткөрүштү. Иш чара студенттердин сапка тизилип, рапорт берүүлөрү менен башталды. Жигиттер жана кыздар арасында 100, 200, 500 метрге, 1 жана 2 кмге болгон жарышта жеңүүчүлөр аныкталды. Таяк тартышуу, кол күрөш, аркан тартышуу абдан кызыктуу өттү. Студенттерибиз өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө бардык аракеттерин көрүп жатышты. Эже агайлар аларды колдоп, сүрөп турушту. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар 18-июнда өтүүчү колледжибиздин маракесине арналган салтанатта тапшырылмакчы. Иш чараны өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген Талас шаардык спорт секторунун жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз.